Аламүдүн районунда сууга агып кеткен жаранды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Көк-Жар айылындагы тез агуучу каналга Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын 1976-жылы туулган А.Эсенбек аттуу тургуну түшүп кеткен. Куткаруучулар окуя болгон жерге барып издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок аталган жаран табылган эмес.