Бишкек шаарында сойкукананын 42 жаштагы администратору кармалды

Бишкек шаарында сойкукананын 42 жаштагы администратору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында борбор калаада жайгашкан сойкуканалардын бири аныкталган. Аталган жай сауна катары иштеп, анда сойкулар да өз кызматтарын көрсөтө тургандыгы белгилүү болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, сойкукананын 42 жаштагы П.Т. аттуу администратору кармалган. Ал отурган жайды текшерүү учурунда жанынан алдын ала атайын белгиленген 3 миң сом табылган. Ошондой эле мында иштеген сойкулардан да белгиленген 5 миң сом акча каражаты алынган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, сойкукананын администратору камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Malik92
2016-07-15 13:36:18
Мындан башка сойку кана жокпу экен ? Толупататко жаптырбайбы ошолорду дагы!!!
+9
mandalak
2016-07-15 14:34:48
Malik92, озун барып алгандан кийин болдубу башкаларына тийишпей турсун биз деле барып алалы )))
+9
Patriot..kg
2016-07-15 15:00:56
mandalak, хаха
0
Deniza88
2016-07-15 15:59:21
mandalak, кой барбай эле койгулачы. Ошол акчанарды ата эне бир туугандарынарга бергиле эгер бойдок болсонор, же уйлонууго чогулткула.
+4
Rasul1987
2016-07-15 13:57:54
Айткан акчасын бербей койсо керек да или конкуренттери карматып койду
+9
saian.00
2016-07-15 14:07:12
кыргызстанда бир эле ушул сойку кана бардай айтыптырго толуп ататко башкасы деле андан башка иш калбай калгансып жакында эле 3 эркек да сойку канада кыздарча кийинип денесин сатып иштеп жаткан имиш тфуу бетине андан коро биронун батинкесин тазалап берсе да ошол жакшы
+6
bekbolot.kg
2016-07-15 14:43:58
Тим эле элитный сойку канаго. Чиновниктердики болсо эч жаба албайтта аларды. Биштин айланасында толтураго
0
Usow
2016-07-15 15:53:03
Чындапле элитный экен кандай болот экен а мындай жерде ысык суу,суук суу ванна,душ,кароче каалагандай кылаткесинда адам тооа тооа
0
Azizbek.kg8
2016-07-15 19:20:47
Сауна бана булар жонокой адамдардыкы эмес,бийлик башында тургандардыкы кобу
+1
simone
2016-07-15 19:53:33
Жонокой ыймандуу инсан сойку кана ачпайт деп ойлоюм
0
Rifle_S
2016-07-15 20:38:17
simone, ыймандуу инсан сойку кананын жанына жолобойт да.
0
Rifle_S
2016-07-15 20:37:49
Ойгон кыргыз элим , биз кайда баратабыз деп ушундай сойкуканаларды айтса болот эле. Намысын сактап , денесин бекиткен карындаштарыбызга асылбай.
+5
orun
2016-07-15 20:55:56
Мына кайран кыргыз элим кайда келип калганбыз уже...
0
Alicia
2016-07-15 21:47:10
Soikukananyn emne dep atalat eken?
0
Nurkyz1977
2016-07-17 11:47:21
Кайран гана кыргыз элим кайда баратабыз?деген созду эми айтышса жарашчудай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан