Юнусалиев-Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Кайран элим, кайда баратабыз?!" баннери белгисиз адамдар тарабынан сыйрылды

Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгына 14-июлда болжол менен саат 01:30дарда Юнусалиев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Кайран элим, кайда баратабыз?!" баннери белгисиз адамдар тарабынан сыйрылып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге Октябрь районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу чыгып, иликтөө иштерин жүргүзгөн.

Бул факт боюнча милиция кызматкерлери тарабынан бейбаштык кылгандардын өздүгүн тактоо максатында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын бүгүн, 15-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
asad345
2016-07-15 16:32:21
Акыйкаттык болсо ошол баннерге жарым жыланач болбогула деп ошондой кийингендерди да илбейби. АША адашты
-17
mirbek2211
2016-07-15 17:40:27
asad345, Андай жарым жыланач кийингендерди илсе болчу беле , жөн эле сүрөт эмес жазуу түрүндө жазып койсо анда болмок
-13
Bayjigit83
2016-07-15 16:36:06
"Кайран элимди кайда алып баратасынаар" деген суроону Атамбаевдин бийлигине берсек жарашчудай.
+11
Sezim.A
2016-07-15 16:41:15
Шылтоо табалы деп жумурткадан кыр издеп жатышкан жокпу.Эми баннердин жанынан отууго да тыюу салышат окшойт. Кантсе да тынчтык болсунчу!!!
-5
Patriot..kg
2016-07-15 17:03:20
Өзүнчө эле Асан кайгы боло бербегилечи
+6
nuraiakmatova
2016-07-15 17:13:48
Айнанайыыын,биз озу жапайы калк болот экенбиз да...
+13
stimyl.kg
2016-07-15 17:19:08
Ошол банердеги сурот кандай мааниге ээ экенин тушунгусу келбеген мекендештерибиз айрып сыйрыды.
+7
KaiMak
2016-07-15 17:24:58
кимге кандай таасир эттикен ошол сурот?
0
Sagy
2016-07-17 19:23:12
KaiMak,Менин тушунугум боюнча, суннот кийим кийбегиле дегендей болуп жатат. Бирок, демократия жактан караганда ислам жолундагылардын укугу бузулуп калып жатат. Андай болсо эмне учун Европа кийимине да каршы баннер жасалбайт? Кыска юбка, секси кийимдерге да каршы жасалбайт беле, эгерде чынында эле улуттук кийим кийгиле деген чакырык болсо! Менимче кыргыздардын 90% улуттук эмес, Европа улгусундо кийинишет. Болгону 10% гана мусулманча кийинишсе керек.
0
kaidiger
2016-07-15 17:41:33
AША мен сен мененмин ушул созунон тайба бул динчилерди тим койсон кыргызстанды экинчи афганистанга айландырганы атышат
+5
Alicia
2016-07-15 21:44:21
kaidiger,Men dagy prezidentibizge chyn jurokton yraazy boldum. Abdan tuura joop berdi
+10
KGstan1981
2016-07-15 18:19:07
Кайран элим кочо толо кыска юбка кийген жарым жыланач кыздар,оз денелерин саткан аялзат биз кайда баратабыз.
-11
azema9
2016-07-15 23:12:30
улуттук идея беребиз деп соз таба албагандарда куноо
0
emka96kg
2016-07-16 01:39:29
"Кайда баратабыз" деп,бир нерсени кыйратып аткансып, денесин жабып ыймандуу журушсо да жаман. кыйын экен кайда баратабыз деп жыланач кыздарды чыгарсанар жарашмак. анан оронсо эле араб болуп кетти,биздики улуттук кийим болчу дешип, оздору энкейсе кочугу корунгону менен иши жок. биринчи ошол улуттук кийимди кий дагы анан кыйын болгулачы! Оронгондун эмнеси зыян, кайра пайда го: Карындашын,эжен оронсо,кочодо эч ким тийишпейт, артынан карабайт. качан бироо келип тийише койду деп сыгылбайсын
-3
emka96kg
2016-07-16 01:41:33
жарым жыланач болсо , ачка жургондор агып калгыча карайт да,чыдабай барып зоордуктайт(Кудай сактасын). же ушул керекпи силерге?
-1
ICHOMTAY
2016-07-17 13:52:04
Озу атамбаев туурале аитыптыр анча мынча адамдарыбыз мал эле болуп баратат окшоит 21 кылымда оспои артка эле кетип барататго копчулук... Ушул саясатка киришпей эле уи булонду тыынч эле багып жашаи бербеилиби!!!???
+3
raiana53
2016-07-18 00:32:17
атанардын чокусу ошол банерлерди 23000минге илдиргиче ар бирин могу инфекционный больницага палата коштуртпайвы кызым экоовус колидордо жатавыс жанымда мусор кайран элим каяка баратавыс
0
raiana53
2016-07-18 00:35:31
Бейишти коздой баратавыс деп алдынале жазып койгула аны чечип не кыласынар а силер тозоко кетебергиле кто против мы не против например
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан