Казакстандын Балхаш көлүнө балык уулоого чыгып дайынсыз болуп жаткан Кыргыз өлкөсүнүн жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"11-июлда Моюнкум районундагы "Кашкантениз" станциясына жакын аймактан, жээктен 2 чакырым алыстыкта белгисиз жарандын жансыз денеси табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ал изделип жаткан Максим Пивоваров экени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 1-июль күнү Казакстандын Жамбыл облусундагы Балхаш көлүнө 11 Кыргыз жараны балык уулаганы барган. Алардын бири 29 жаштагы Максим Пивоваров көлдүн ортосуна кайык менен кетип, ошол бойдон дайыны чыкпай калган.