Тарых жана маданият жылынын алкагында 31-августта борбор калаадагы “Ала-Тоо” аянтында “Ак элечек айымдар” коомдук бирикмеси бий бийлеп, улуттук кийимдердин флешмобун өткөрөт. Иш-чара Тарых жана маданият жылын даярдоо, өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын колдоосунда өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган дирекциянын басма сөз кызматы маалымдады.
Флешмобдо 10 жаштан 15 жашка чейинки кыз балдар улуттук көйнөк, кемсел, топу менен чыгышса, 15-18 жаштагы кыздар такыя, кемсел, көйнөк кийишет. Ал эми 18-20 жаштагылар кеп такыя, кемсел, көйнөк менен, 20 жаштан 25 жашка чейинки жаштар шөкүлө, кемсел, көйнөк кийишет. 25-30 жаштагы айымдар болсо келин элечекти, 30 жаштан 50 жашка чейинкилер айым элечекти, 50 жаштан жогорку байбичелер байбиче элечекти даңазалашат.
"Улуттук кийим аркылуу улуттун маданияты, кадыр-баркы даңазаланат. Ал руханий байлыктын эталону, андагы сайма-оймолордо элдин тарыхый баскан жолу, туткан каада-салты чагылдырылат. Аталган улуттук кийимдер флешмобу жаштардын кыргыздын улуттук кийимине болгон кызыгуусун арттырып, элдик каада-салттарды аздектөөгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.