Статистикага таянсак, Кыргыз Республикасында 2015-жылдын ичинде 4029 өрт, ал эми 2014-жылы 4361 өрт катталган. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын түзүлгөнүнүн 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарада кабарланды.
Мындан сырткары 2016-жылдын 6 айында республиканын аймагында 1407 өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 408 миллион 990 миң 46 сом материалдык чыгым келтирилген. Өрт учурунда өрт өчүрүүчүлөрдүн жардамы менен 102 адамдын өмүрү сакталып калган.