Кечээ, 15-июлда ырчы Кенже Дүйшееванын атынан Instagram'да баракча ачылып, анын атынан "Кыз-Бурак" тобуна болгон нааразычылыктар жазылды. Ырчынын айтымында, белгисиз адам анын үй-бүлөсүнүн сүрөтүн жайгаштырып, катталган баракча аркылуу ал көп жыл эмгектенген топту жамандап жазган.
"Тааныштарым "сиздин атыӊыздан катталган белгисиз адам жаман ой-пикирин жазып жатат" деп телефон чалып калышты. Алгач менин фан-клубум жазып жатабы деп ойлодум. Анан кирип карасам, чынында эле "Кыз-Бурак" тобун жамандаган, ага болгон нааразычылыктарын билдирген сөздөр жазылыптыр. Мен өзүмдүн баракчам аркылуу кирип өз оюмду да жазгам. Менин оюмча, мындай пастыкка Сайкалга таарынган же топтон кеткен кыздардын бири барышы мүмкүн. "Жаӊы бет ачтым" деп жазганына караганда бул өзүнө көӊүл бурдургусу келип жатат", - дейт ырчы айым.