Аламүдүн районунда күйүүчү май ташыган унаа 200 литр майы менен жарылып, жанындагы 2 унаа да күйүп кетти

Аламүдүн районунда күйүүчү май ташыган унаа 200 литр майы менен жарылып, жанындагы 2 унаа да күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн айылынын Гидростроитель көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунда токтоп турган МАН үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (ичиндеги 200 литр майы менен 2 челек жарылган) толугу менен, Ауди 80 унаасы толугу менен, ГАЗ 53 үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаа толугу менен күйүп кетти.

"Өрт өчүрүүчүлөр ГАЗ 53 унаасынын күйүп жаткан арткы 2 дөңгөлөгүн өчүрүшүп, коопсуз жерге сүйрөп чыгышкан жана цистернадагы 5 тонна солярканы сактап калышты. Учурда унаалардын ээси жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан