"Жебе" тобунун мүчөсү Самат Муратбеков кырк жылкылуу болду

"Жебе" тобунун мүчөсү Самат Муратбеков сүйүктүүсү Жылдыз менен кырк жылкылуу болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ырчы бүгүн, 17-июлда билдирди.

"Жубайым менен кызымды төрөт үйүнөн бүгүн чыгардым. Наристебизге Жанэл деген ысым ыйгардык. Кызым 7 айлык болуп төрөлдү. Жубайым 12-июлда кесарево жолу менен төрөп, бир аз кыйналып калды. Жанэл 2,5 килограмм салмакта төрөлдү, боюн унутуп калдым (күлүп). Кызымды баары мага окшоштурушууда, жанынан чыккым келбей, толкунданып, сүйүнүчүм койнума батпай турган чагым", - дейт ырчы.

Айта кетсек, ырчы сүйүктүүсү Жылдызга былтыр 12-декабрда баш кошуп, ырчынын үйлөнүү тою Токмок шаарындагы тойканалардын биринде өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Seketimgo
2016-07-17 18:49:45
Омурлуу,ыймандуу кыз болсун!
+3
KaiMak
2016-07-17 18:57:49
браво
0
Alicia
2016-07-17 20:20:54
Kyzduu bolushungar mn kuttuktaim! Kyrk jylkyluu boluptur dese kantip 40 jylkyluu boldu eken dep okudum :)
+2
Targarien
2016-07-18 01:32:08
Alicia, илгери кыргыздар балалуу болдум деп суйунчулогондо оозуна май суйунчуно кырк эки тай дешкен ошондон улам кырк жылкылуу болуптур деген соз келсе керек
+2
altyn2015
2016-07-17 20:53:14
Бешик боонор бек болсун!
+2
Mekush87
2016-07-17 21:26:21
бешик боонор бек болсун
+2
Azizbek.kg8
2016-07-17 21:56:25
Омурлу кыз болсун
0
marmiladka9
2016-07-17 22:15:52
омурун берсин!
7 ай 2жарым кг аябай чон салмак го
+2
Pandora
2016-07-17 22:19:22
marmiladka9,Бардык нерсенин эрте болгону жакшы,кечтен коро))) Кудайым омурун берсин....
-2
Kroxa
2016-07-17 22:32:27
Менин 7 айлык кызым 2200 болчу шишик чыгараарда1900 болуп калган
+2
Kroxa
2016-07-17 22:33:03
Абдан тын болушат 7 айлыктар аман болсун..
+5
Kunbeken
2016-07-18 08:53:11
Бешик боосу бек болсун! Акылдуу, омурлуу, ата-энесине куйумдуу кыздардан болум онойсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан