"Манас" аэропортунан башка адамдын паспорту менен учууга аракеттенген кыз кармалды

"Манас" аэропортунан башка адамдын паспорту менен учууга аракеттенген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн Бишкек-Стамбул каттамы боюнча №6777-рейсти текшерүү учурунда 1996-жылы туулган кыз кармалган. Ал башка адамга тиешелүү паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көргөн. Тиешелүү документтер толтурулуп, ал кыз УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан