Аламүдүн районунда 21 жаштагы жаран сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-июль күнү саат 16:30дар чамасында КРнын ӨКМнын Бишкек шаардык куткаруу кызматынын куткаруучуларына "№5-ГЭСке жаран чөгүп кетти" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган куткаруучулар 1995-жылы туулган Кубат уулу Айбектин жансыз денесин суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.