16-июлда Шотландияда үйсүздөр арасындагы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу аяктады. Мелдешке 500дөн ашык оюнчу катышып, кыз-келиндер жана уландар арасында жеңүүчүлөр аныкталды. Катышуучулар 52 мамлекеттен чогулган.
Мелдешке кыргыз кыздары машыктыруучу Гүлбара Уматалиеванын жетеги астында катышышты. Жыйынтыгында финалга чейин жетип, финалда жердештерибиз Мексикадан келген кыздарга утулуп калышты (5:0). Коло медалды Шотландияны уткан Чили курамасы камсыздады.
Үйсүздөр арасында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 14 жылдан бери уюштурулуп келет. Мелдешти өткөрүү идеясы шотландиялык жеке ишкер Мел Янг жана австралиялык гезиттин редактору Харальд Шмидтке таандык. Чемпиондуктун максаты - коомдогу үйсүз жарандарга тиешелүү көңүл бурдуруу, алардын жашоо-шартын оңдоого көмөктөшүү жана алардын арасындагы таланттарды иргеп, келечек түзүп берүү.