Борбор калаада жеңил унаа менен коомдук унаа сүзүшүп, 3 жүргүнчү жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө кечээ, 17-июлда саат 18:07де Бах көчөсү менен Түштүк магистралда жол кырсыгы катталганы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган кызматкерлер 39 жаштагы жарандын баш мээси чайкалып, башынан жана оң бутунан жаракат алганын, 17 жаштагы кыз башынан, ал эми 9 жаштагы бала оң ийининен жаракат алганын аныкташкан. Жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, алар тез арада ооруканага жеткирилишкен.