Орусиянын спорт министри: "Футбол боюнча улуттук курам таратылды"

Расмий Кремль Орусия футбол боюнча курамасын таратуу тууралуу петицияга жооп берди. Петициянын автору Артём Хасанов Орусиянын президентинин администрациясынан жооп алганын маалымдады.

Петициянын мазмунун негизинен кескин сын-пикирлер түзүп, “Биз уялбай, сыймыктангыбыз келет” деген ураан алдында жазылган. Петицияга расмий Кремль тийиштүү органдарга ар тараптуу иликтөө жүргүзүп, жыйынтык чыгарууну тапшырды. Аталган петиция www.change.org сайтында жайгаштырылып, аны 934 672 футбол күйөрманы колдогон. Кол топтоо негизинен Орусиянын футбол боюнча курамасынын Европа чемпиондугунда начар оюн көргөзүп, тайпасында акыркы орунду ээлеп калганынан улам башталган.

Орусиянын мелдештен четтеп, катуу сынга кабылган кезинде футболчулар Павел Мамаев жана Александр Кокориндин Монте-Карлодо эң кымбат клубда эс алуусу бул нааразычылыктын отуна май тамызгандай болду.

Орусиянын басылмалары спорт министри Виталий Мутконун улуттук курамдын таратылганын айтканын жазып жатышат. Кийинки машыктыруучу курамды кайрадан түзүп чыгып, 2018-жылкы Дүйнө чемпиондугуна даярдамакчы. Машыктыруучунун ысымы 23-июлда белгилүү болот.

Европа чемпиондугунда Орусия курамасы Англия, Уэльс, Словакия курамалары менен "В" тайпасында ойногон. Команда Англия менен тең ойноп (1:1), Словакияга (2:1) жана Уэльске уттуруп жиберген (3:0).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
ekaterinburg
2016-07-18 13:37:23
Жакшы кылышыптыр.Негизи,орустарга караганда биздин курама жакшыраак ойнойт.Эми орустардын жаны тренер,жаны курамасы кимдер болоор экен,кызык...
0
realmadrid32
2016-07-18 14:03:32
Россия Моуриниону алып келседа эч нерсе чыкпайт,оюнчуларда класс томон профессионалдык жок.Орустарга хоккейден отоору жок
+2
metsenat
2016-07-18 14:16:03
Туура чечим, кокорин мокорин,Мамаев самаевди дворник кылыш керек.
0
bond
2016-07-18 14:25:08
Таратылгандан не пайда баарыбир кайра топтойт да.
0
KGstan1981
2016-07-18 14:27:20
Мен Воркутада шахтер болуп иштеймин.Эшектей иштеп 60-80кг. металдарды которуп айына 80мин руб айлык алабыз а булар футболистер айына эн азы 2 милион руб. айлык алышат экен.Шахтерлор тамашалап айтышат их надо Воркуту на шахту в забой и лаву и заставить по уклонам бежать они хуже чем шахтеры бегут.
+1
Beksultan-007
2016-07-18 14:38:38
Орустар качан футболдон чемпион болобуз деп сураганда Бразилия качан хоккейден чемпион болгондо силер чемпион болосунар деген экен. Так что вряд ли жакынкы 20 жылда чемпион болот
0
KaiMak
2016-07-18 14:48:30
МЧ 2018 ойношпойбу ошондо?
-4
Samina007
2016-07-18 15:15:12
KaiMak,Оо эме жалпак камазды жалпак жөжө тебелеп кетиптиииир
+2
KaiMak
2016-07-18 16:41:31
Samina007,ошондой болдубу, ааа
-2
sezim_osmonalieva111
2016-07-18 15:26:51
KaiMak,ойношот албетте.Бирок 2 жылда козум жетпейт,нормальный состав тузулушуно.Россия вообще алсыз болуп кетти,озу орустарга Гус Хиддинктей тренер керек по-моему)Ошол маалда да Аршавин,Павлюченко команда ны полу финалга чейин алып чыгышкан го.Бирок Гус Хиддинк келгис болуп кеткен"Россия эч онукпойт,потому что мафия кучтуу экен бул жерде"деген
0
Levsha
2016-07-18 19:49:41
Загоев Аршавин Кержаков ушулар жакшы ойнойт эле
+1
Nur1k
2016-07-19 01:04:09
Чынын айтканда футбол булардын оюну эмес. Буларга хоккей эле жетет. Биздин футболисттерге ушулардыкындай шарт тузуп бергенде эчак эле чемпион болмокбуз))
+1
Moskva.kg
2016-07-19 01:39:11
Булар го мейли утулса да чыгып жатышат биз качан элдин катарында ойнойбуз
0
erjigit-e.15
2016-07-19 08:00:56
Аршавин келсе жакшы болмок. Бирок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан