Бүгүн, 18-июлда катуу жааган жамгырдан улам Бишкек-Балыкчы унаа жолунун 140-чакырымында сел жүргөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Мындан улам унаа жолу убактылуу жабылды. Ошондой эле Баткен облусунда катуу жааган жаандан улам Ош-Айдаркен унаа жолунун 125-127-чакырымдарында сел жүрүп, унаа жолу жабылды. Селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМнын тиешелүү техникалары аталган аймактарга жөнөтүлдү.