Европанын акыркы сезондогу "Мыкты футболчусу" аталууга талапкер 10 футболчунун тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, тизме 2015-2016-жылкы сезондо мыкты оюн көрсөткөн футболчулардан түзүлдү.
5-августта сыйлыкка негизги талапкер 3 футболчу иргелип алынат. Жеңүүчүгө сыйлыгы 25-августта тапшырылат.
Сыйлыкка талапкер 10 футболчу:
- Гарет Бэйл ("Реал" футболдук клубу, Уэльс курамасы);
- Жанлуиджи Буффон ("Ювентус", Италия);
- Антуанн Гризманн ("Атлетико", Франция);
- Тони Кроос ("Реал", Германия);
- Лионель Месси ("Барселона", Аргентина);
- Томас Мюллер ("Бавария", Германия);
- Мануэль Нойер ("Бавария", Германия);
- Пепе ("Реал", Португалия);
- Криштиану Роналду ("Реал", Португалия);
- Луис Суарес ("Барселона", Уругвай).
Өткөн жылы сыйлыкты каталондук клуб “Барселонанын” аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси алган.