Алматыдагы атышууда жарадар болгон дагы бир полиция кызматкери каза тапты

Алматыдагы атышууда жарадар болгон дагы бир полиция кызматкери каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бир нече ок тийген 1986-жылы туулган полициянын лейтенанты Тимур Бегасиловдун абалы оор болгон. "Дарыгерлер акырына чейин анын жашоосу үчүн күрөштү. Ал 19-июль күнү саат 13:45те оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, маркум атышуу болгон күнү Абылай хан кең көчөсүндө патрулдук экипаж менен бирге кызмат өтөп жаткан.

Эскерте кетсек, 18-июлда Алматы шаарында бир нече сааттык атышуу болуп, анда 5 адам каза тапкан, анын үчөө полиция кызматкери болгон. Өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев аталган окуяны террордук акт деп жарыялады. Өлкө башчы Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында каза болгондордун жана жабыркагандардын жакындарына көңүл айтып, аларга психологиялык жана материалдык жардам көргөзүлүшү керектигин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bekhaliev
2016-07-20 09:12:58
Уйболосуно терен конул айтам
+4
bolotbek91
2016-07-20 09:14:36
эн кайгылуу терордук кол салуулар жакындап келе жатат
+4
Kara-balta
2016-07-20 09:33:23
Ыйманы саламат болсун
+3
abusait
2016-07-20 09:38:23
Сотторунун адилетсиздигинен бейкуноо полиция курман болду. Президенти отставкага кетип реформа болмоюнча Эли толкуй берет.
-3
Usow
2016-07-20 09:41:31
Конул айтам
+1
leilek_suluktu
2016-07-20 09:43:48
Бул баланы мен коргомун таанысам керек жаш кетиптирда жайы жаннатан болсун
0
Usow
2016-07-20 09:46:45
leilek_suluktu, Адам адамга окшойтта е ол казак болсо сен тааныйт беден а хаааааааааааааа!!!! хххххххххаааааааааааааааааа
-1
admin_portal
2016-07-20 10:23:53
sirgak_92, MAKALAK, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан