Бишкекте курулушта иштеп жаткан үч жигит 5-кабаттан кулап түшүп, экөө ошол жерден каза болду. Алардын аты-жөнү такталды

Бишкекте үч адам 5-кабаттан кулап түшүп, экөө ошол жерден каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Тез жардам" кызматынан билдиришти.

Окуя 19-июль күнү саат 9:50 чамасында Шабдан баатыр жана Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдө болгон. Каза болгондордун бири 17 жаштагы Ниязберди Аманов, бири 18 жаштагы Ринат Шарипов, жаракат алган адам 29 жаштагы Айбек Абдыкаров аттуу жаран. Ниязберди менен Ринат жерге кулап түшүп каза болушса, жаракат алган адам кулап келе жатып курулуш буюмдарын кармап аман калган. Ал башынан жана денесинин бир нече жеринен жаракат алып Улуттук госпиталга жаткырылды. Алар аталган жайда курулушта иштеп жатышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
OMURBEK.
2016-07-20 13:33:50
Асияна бизде эч кайсыл закон иштебейт экенин билесинго
+12
daniyar84
2016-07-20 13:40:21
Эмнеге жаш балдар курулуш ишинде бийике чыгып иштейт?камагыла прораптан баштап,законго таянып иш алып барсанар айланайындар.ал эки бала учун ким жооп берет.ата-эне бир туугандарына терен сабырдуулук берсин жаткан жерлери жанаттан боосун.
+5
KGstan1981
2016-07-20 13:53:46
Ошол курман б-н 17жаштагы балада жокчулуктан курулушка иштегени чыкса керек.Ал эми кээбирлери жыргап интернетке ырларын чыгара эрбей кичине мыйзамды кучойтуп элге бир заводторду жумуш оорундарды ачып берсе жакшы болот эде.
+17
tengara
2016-07-20 13:58:54
Билип коруп туруп эле жашоонун кандай болуп жатканын, ал жерге эмне себептен барып иштегени айдан ачык корунуп турса деле закон иштебейби дегендер кыжырды келтирет. Закон иштесе жаш бплдар балалыгын баладай эс алууда , колдо, лагерлерде откозбойт беле. Акча жана кор оокат дебей.
+4
ashir
2016-07-20 13:59:53
Иштетеерден биринчи коопсуздугун караш керек жумушчулардын. Эмне учун учоо тен кулайт, буга мастер, прорабдар жооп бериши керек. Экоонун ыйманы саламат болуп, аман калганы жакшы болуп кетсин.
+8
altyn2015
2016-07-20 14:07:04
Кырсык! Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
Bill_Gates
2016-07-20 14:14:43
Жаман болуптур
+2
Kani1994
2016-07-20 15:40:28
ушу курулуш иштерине 20 жаштан өйдө алса болбойбу?!
0
bek.kgz
2016-07-20 15:53:01
Kani1994, жыргаганынан иштеп жатышат... мин адамдын бироосу же экоосу жабыркаса 998 дин киреше эшигин жаап салуу керекпи???
+5
bek.kgz
2016-07-20 15:45:54
Курулуш бийиктиктеринде иштеген жумушчуларга атайын таалимдер менен жабдыктардын берилуусу зарыл экенин баардык эле курулуш фирмалары жана курулушка тийиштуу болгон мамлекеттин козомолдоочулору билсе керек. Асма жабдыктарды колдонуп иштешти бекен? Бийикте иштоого уруксат берген куболуктору бар бекен? Бул кайгылуу окуяны териштирип, фирмага тийиштуу жаза-айыптарды беруу мамлекеттин курулуш коопсуздугуна тийиштуу органдардын ынсабында.
+6
Arlen89
2016-07-20 21:49:49
ото жаман окуя болду мен ошол жерде элем дароо элдик кабарга жонотсом чыгарышпады супер кг, бири аман калганы бешинчи кабатка кулап баратканда ачык терезеге секирип кирип кеткен, берки экоо жерге кулап тушушту, электрондук лифт менен чыгып коп кабаттуу уйдун сыртын жасап жатышкан кокустан лифт ойдо которулуп токтобой барып башынан чыгып кетип кулашты эки жаш жигит жон гана кулабай устуно оор темир лифт келип басып калды. жаткан жерлери жайлуу болсун кудайым бейишинен орун берсин.
+1
Arlen89
2016-07-20 21:52:29
бардыгыбыз ото шок абалда калдык кечээтен бери экоонун элеси коз алдыма тартылып жанчылган денелерин коргон жаным дагы эле жаман болуп жатам.
-1
Kara-balta
2016-07-20 22:25:11
Жакын туугандарына сабыр тилейбиз.
0
zhumagul89
2016-07-20 23:31:12
Эээ кудай жанткан жерлерин жаннаттан кыл. Туугандарына сабыр бер.
0
Sunrice
2016-07-21 01:45:20
Ata enesine sabyr bersin
0
meerimma84
2016-07-21 11:12:22
закон не ал жей турганбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан