Украинада белгилүү журналист Павел Шереметтин автоунаасы жарылып, өзү каза тапты

Украинада белгилүү журналист Павел Шеремет автоунаанын жарылуусунан каза тапты. Бул тууралуу 20-июлда Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, унаадагы жардыруу Киевдин Хмельницк жана Франк көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Жарылган унаа "Украинская правда" басылмасынын жетекчиси Ален Притулга тиешелүү болгон.

Жарылуу саат 7:45 чамасында болгон. Журналист Павел Шеремет үйүнөн чыгып, унаасына отурган соң жардыруу орун алган. Окуянын күбөлөрү жарылуу катуу болгонун айтышууда. Журналисттин кесиптештеринин айтымында, анын өлүмү журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу.

Журналист Шеремет соңку беш жыл аралыгында Киев шаарындагы "Украинская правда" басылмасында иштеп келген. Ал буга чейин Орусиянын "Биринчи каналында" беларустук кабарчы болуп эмгектенген. Беларусь президенти Лукашенкону катуу сындап келген бирден-бир журналист болгону айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaiMak
2016-07-21 09:36:10
жаман кабаркен (((
-4
Kroxa
2016-07-22 10:03:17
Шумдугун кур жаман болуптур:-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан