Гиря көтөрүү спорту боюнча Европанын Ачык чемпиондугунда кыргыз спортчулары 1 алтын, 1 күмүш медаль тагынышты

18-июлда Латвиянын Даугавпилс шаарында гиря көтөрүү спорту боюнча Европанын Ачык биринчилиги аяктады. 14 мамлекеттин спортчулары катышкан мелдешке Кыргыз Республикасынан 3 спортчу катышкан.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, жыйынтыгында өлкөбүздүн спортчуларынан Александр Петров 85 килограмм салмакта алтын медаль тагынды. Борис Пальянов 78 килограмм салмакта 2-орунду камсыздаса, Максим Максаков 78 килограмм салмакта 4-орунду ээледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sagunur2016
2016-07-20 16:51:51
Азаматтар, биз силер менен сыймыктанабыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан