"Азия MIX" командасынын курамасында КВНде ойногон Ситора Фармонова лицензиясынан ажыратылды

"Узбекнаво" эстрадалык бирикмеси 19-июлда 3 артистти лицензиясынан ажыратты. Алардын бири Ситора Фармонова - "Азия MIX" КВН командасынын мүчөсү. Ситорадан тышкары Өзбекстандын "Benom" тобунун ырчысы Комила Фазылова жана Сарвара Азимова лицензиясыз калышты. Бул жөнүндө “Узбекнаво” 19-июлда өзүнүн расмий сайтына жайгаштырды.

"Узбекнавонун" билдирүүсү боюнча, мындай чечим артисттердин лицензиялык келишимдин талаптарын аткарбагандыгы жана чет өлкөлөргө гастролдук иши менен байланыштуу кабыл алынган.

Маалымат үчүн: "Узбекнаво" концерттик мекемелердин, ырчылардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, өзбек калкынын маданий деңгээлин көтөрүп, театр-эстрадалык сахналарды жакшыртуу максатында түзүлгөн. Ошондой эле эстрада жаатындагы бардык кыймылдарды тескөөчү бирикме катары дагы белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
orxidey
2016-07-20 17:40:09
Алар Кыргызстандын атынан КВН де ойногону учун алып салса керек.
+40
birtanem
2016-07-20 17:43:58
Не холодно ,не жарко!!!
+20
janaraMK090911
2016-07-20 17:54:46
Озубектер коро албай жаткан го
+18
nura.177
2016-07-20 18:19:30
Жакшы болуптур Озбекстандын атынан ойноп жатам квнде деди эле
+30
begai93
2016-07-21 02:54:36
nura.177,омеей ошентти беле?? Анда чала болуптур да!
+5
taalai9411
2016-07-20 18:54:07
Ситора анда кыргызтандын жаранын алып ал кыргызтанда талантын болсо бат эле жылдыз боло бересин литцензия деген баш ооруу жок
-9
leilekstan_1987
2016-07-20 19:06:40
taalai9411,Ситорадан башка озубектерда жетишет.кыргызстанга айланбай эле койсун
+29
bosmos777
2016-07-20 19:04:21
Коро албасттык ! Онорлуу олбойт! Ал ан сайын жаркырайт! Кыргыздар биригиип, ушул ийгиликти багындырышты эле! Коро албасттар!
-1
ASELENOK
2016-07-20 19:19:42
Урматтуу контент-менеджер, берки экоо эркектер экен эле...
0
zhykyo
2016-07-20 20:15:17
Сатып кетет
+2
meerimma84
2016-07-20 22:30:00
алар оздору ырдаган эмес чон аталары ырдаган ырга бийлешет. Кааласада каалабасада,
-2
lolo.1
2016-07-20 23:17:39
Коро албастык
-1
Sajakat14
2016-07-20 23:22:59
Урушпасаңар талашып тартышып! Азиямикс деп аты айтып тургандай Орто Азиянын калктарынын өкүлдөрү ойношот бул командада. Ситора өзбек кызы болгондуктан өзбекстандын өкүлү командада. Мен Азиямикстин ар башка улуттан тураарына кубанам! Кыргызстан ар башка улуттан турган мамлекет! Ал командада дагы ошону көрсөтүп жатабыз! Бирок Ситора супсулуу кыз болуп туруп Москвага күйөө издеп келдим деп айтканы жакпайт! Негизи эле тамашаларында Азиямикс өзүбүздү өзүбүз шылдыңдаган учурлар болот. Ойлонушса!
0
USSRKG
2016-07-20 23:25:51
бандан чыктыык 5 кун делген меники 1 жума болуп кетти бандан чыкбай админ.макул бул кыз жуз пайыз КРдин атынан чыгыш керек узб нын атынан ойнойм дедиртбей булсуз деле утушат биздикилер.
+3
metsenat
2016-07-21 13:40:01
Айгерим же Анжеликаны кошкула анда же Сам Каримова....
+1
kasiko
2016-07-21 14:44:17
metsenat, Эмне алар кыйратат дейсинби?
-1
vangolu
2016-07-21 15:12:32
metsenat,кокуй самарага угузба .озумду Квн де сынайт элем деп чага келет кишини уят кылып
+1
vangolu
2016-07-21 15:06:33
Эгер биздин ырчы чоорчуларды козомолдогон мекеме болгондо Далай фунчезалар ыргымак.биздин косягы коп ырчылар толтура
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан