Таласта 19 жаштагы адамды унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Таласта 19 жаштагы адамды унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан 21-июлда кабарлашты.

Маалым болгондой, 18-июлдан 19-июлга караган түнү 1987-жылы туулган А.Н. аттуу жаран Ауди-80 үлгүсүндөгү унаасы менен 19 жаштагы А. аттуу жаранды Бакай-Ата районундагы Эркинбек көчөсүндө жөө адам өтүүчү жайдан өтүп бара жатканда сүзүп кеткен. Андан соң айдоочу окуя болгон жерден качып кетүүгө жетишкен. Андан жаракат алган жаран райондук ооруканага жеткирилген.

Бакай-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан айдоочу кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан