Интернет колдонуучулары "Азия MIX" КВН командасынын мүчөсү Ситора Фармонованы колдоодо

Өзбекстандын "Узбекнаво" бирикмеси тарабынан лицензиясынан ажыратылган ырчы, "Азия MIX" КВН командасынын оюнчусу Ситора Фармонованы Кыргыз жериндеги интернет колдонуучулары колдоого алышууда. Социалдык тармактардын колдонуучулары команда мүчөсүнө карата “Кыргыз шоу-бизнесине кош кел, бизде лицензиянын кереги жок, демократия”, “Ага Кыргыз Республикасынын жарандыгын бериш керек...” деген пикирлерин билдирип жатышат. КВНчини колдоо акциясына катышкандар көп.

Ал эми Фармонова бүгүн, 21-июлда интернет баракчасы аркылуу: “Мен жашоону сүйөм. Жөн эле жашоо керемет экенин эч бир өкүнүү, тозоктогудай кыйналуу жана бактысыздык унуттурбайт. Баарыңыздарга колдоо үчүн рахмат!” - деп жазды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
ekaterinburg
2016-07-21 14:13:09
Ой тообо! ХХХ ХХХ ХХХ жарандык алып атышат го!Эмне,суп сулуу,жана дагы биздин желегибизди желбиреткен кызга колдоо корсотпой коебузбу?Эки колдоп колдойм!
+1
admin_portal
2016-07-22 14:24:26
ekaterinburg, башкалардын улутун кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат!
0
tynar92kg
2016-07-21 14:15:58
Ситоранында КВНде биздин олкого кошкон салымы чон. Менда колдойт болчумун...
+5
Bahira
2016-07-21 14:41:14
Чынын айтсак туугандар ойлоп корсонор биздин нукура кыргыз кызы дагы Озбекстанда Квндин атын чыгарып журсо чычалап жатып калмаксынар
+1
Jooshbai
2016-07-21 15:03:42
Alar kyrgyzstandyn atynan 4ygywpait. iz azii dep aziyanyn atynan 4ygywat
-2
omurbek9393
2016-07-21 17:34:46
Jooshbai, Из Азии деп чыгышканы менен КВНдин башка улуттагы 80% катышуучулары Азия Миксти Кыргызстандын клубу деп билишет.
+4
Nokia
2016-07-21 15:32:40
Kosh kelipsin Kyrgyzstanga. emi bir kyrgyzcha yrdap duinonu dungurotkun.
+11
suban78
2016-07-21 15:51:42
Ээ айнанайындар, Ситора эмнеси менен жакпай жатат. Мага лично жагат, общага деген кинодотда жакшы ойногон. Балдар кыздар эки элдин достугун бекемдейли деп аракет кылып жатышат. Эмне Ситора сулууга Озбекстанда иш табылбай калыртырбы, кичине ойлонуп жазсанар. Орто азия бирдиктуу эл дегенжи дуйного тараталы деп жатышат да.
+4
leilekstan_1987
2016-07-21 17:17:10
Садага болбой эле койчу кыргызстанга. Сенден.да таланттуу КЫРГЫЗ деген уул кыздарыбыз бар ошолор жетишет
-4
abdillaevna-96
2016-07-21 17:21:35
Кыргызстандын эмес Озбекстандын атынан эле чыккан,ишенбесенер берген интервьюсунда айткан
0
ofcourse
2016-07-21 18:59:26
Маданияттын чек арасы жок озу каалаган олконүн атынан катышса болот.. Селин дион деле Канадалык болуп Евровидениеге Швециянын атынан катышкан ж.а женүүчү болгон ...
+3
nur_zhoni
2016-07-21 22:15:41
Бул жакшы талантуу кыз менда колдомокмун берсе берсин кыргыз гражданын
+1
Alicia
2016-07-21 22:27:12
Kyrgyzstandyndyn jarandygyn shak berip salysh tuura emes. Eger chyn ele bizdin aiybyzdan litsenziasyn aldyrsa, bizdin atka minerleribiz ortogo tushup suiloshuulordu jurguzup kichine koldoo korsotso jakshy bolmok. Bizdin jarandyk berishibiz ozbek tarapka da jakpashy mumkun.
0
TGA
2016-07-21 23:43:03
Колдобойт элем.
0
aydarov...
2016-07-22 01:47:43
Колдойм келиниз биздин ала тоолу жерибизге
+1
admin_superstan
2016-07-22 10:25:43
Aitpaaim, улуттар аралык түшүнбөстүк жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат. Эскертүү сызыгыӊыз толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
0
begai93
2016-07-22 22:41:52
Келсен да келбесен да бизге баары бир !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан