Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Жол-патрулдук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ саат 22:18 чамасында Чүй-Фучик көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада болжол менен 30-35 жаштагы аял каза болуп калган (учурда аты-жөнү такталууда). "Бул факт боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Тойота Прадо унаасынын 25 жаштагы С.Д. аттуу айдоочусу кармалган. Тиешелүү экспертизадан кийин айдоочу соо экени аныкталган. Чогултулган материалдар Бишкек ШИИББинин Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gema
2016-07-21 13:46:03
Кудай сактасын кырсыктан.
0
Kroxa
2016-07-22 09:50:09
Ошон учун камера койулса качып кетпей правила менен айдашат эле бишкеке айдасан ары жак бери жагындан чыга калып айдашат го чиркин светофор дегенге да карабай кудай сактаа деген бойдон кетесин:-):-)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан