Борбордо катталган жол кырсыгында мас абалдагы 19 жаштагы кыз бир нече жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда "Тез жардам" кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 05:27 чамасында "Тез жардам" кызматынын нөөмөт бөлүмүнө "Тоголок Молдо-Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке келген кызматкерлер 19 жаштагы жабырлануучу (болжол менен айдоочу) башынан жаракат алып, баш мээси чайкалып жана сол ийинин кокустатып алганын аныкташкан. Жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, ал ооруканага жеткирилген.