Шамалды-Сай шаарчасында кара куурай терип жүргөн 42 жаштагы Бишкектин тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош жолунун Шамалды-Сай шаарчасынын аймагындагы эгин талаада белгисиз жаран жапайы кара куурай терип жүргөнү тууралуу билдирүү түшкөн. Ыкчам иликтөө иштеринин алкагында буга чейин уурулук менен бир нече жолу сот жообуна тартылган 42 жаштагы Бишкек шаарынын К.А. аттуу тургуну кармалган. Анын жанынан жалпы салмагы 15 килограммга жакын кара куурай табылган.
Учурда алынган кара куурай өсүмдүгү соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлдү. Кармалган жаран Таш-Көмүр ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.