Түркиядагы туруксуз саясий кырдаалдан улам футболчу Марио Гомес түркиялык клубда ойноодон баш тартты

Түркиялык "Бешикташ" футболдук клубунун германиялык чабуулчусу Марио Гомес командасы акыркы сезондо чемпион болгонуна карабай карьерасын бул өлкөдө улантуудан баш тартты. Акыркы сезондо 27 гол киргизүү менен Түркиянын лигасында бомбардир болгон футболчу бул чечим өлкөдөгү саясий туруксуздук менен байланыштуу экенин белгиледи.

"Мен бул чечимди кабыл алуудан мурун көпкө ойлондум. Акыркы кездерде Түркияда орун алган окуялар буга себеп болду. Саясий маселелер жакын арада чечилерине ишенем жана кайтып келүүгө каршы эмесмин", - дейт Гомес.

Марио Гомес "Фиорентина" италиялык клубу менен келишим түзгөн. "Бешикташка" ал "ижарага" келген.

Кошумчалай кетсек, 28-июнь күнү Түркиянын жергиликтүү убактысы боюнча саат 22:00 чамасында "Ататүрк" аэропортундагы эл аралык каттамдар терминалында эки жардыруу орун алган. Анын кесепетинен каза болгондор 43кө, жаракат алгандар 147ге жеткен.

Буга катар 15-июлдан 16-июлга караган түнү Түркиянын аскерлери өлкөдө бийликти басып алууга аракеттенишкен. Стамбул жана Анкара шаарларына танк жана учактар киргизилип, стратегиялык объекттер басылып алынган. Бирок шаарлардын миңдеген тургундары аларга каршы чыгып, жыйынтыгында кагылышуу болуп, парламенттин имаратына бомба ташталган. Көп өтпөй кырдаал жөнгө салынган. Акыркы маалыматтар боюнча анда 190 жаран көз жумуп, 1,5 миң адам жаракат алган. Күч органдары бул окуяга катыштыгы бар болушу мүмкүн деген шек менен 10 миңден ашык адамды кармашкан. Алардын 118и генералдар жана адмиралдар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан