Спорттук арбитраждык сот (CAS) Орусиянын жеңил атлетчилеринин, Олимпиада комитетинин жана Эл аралык жеңил атлетика федерациясынын дооматтары боюнча чечимин чыгарды. Орусиялык басылмалар бүгүн, 21-июлда кабарлашкандай, CAS орусиялык спортчуларды ири эл аралык мелдештерден четтеттүү чечимин күчүндө калтырды.
"CAS Орусиянын Олимпиада комитетинин жана 68 орусиялык спортчунун дооматын кабыл алган жок" деп жазылат маалыматтарда.
Натыйжада жеңил атлетика боюнча Орусиянын улуттук курамасы Олимпиадага катышпай турган болду. Бул чуу Орусиядагы допингге каршы күрөшүү системине ишенимдин жоктугуна байланыштуу болуп жатканы маалым.