II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Катышарын ырастаган мамлекеттердин саны 18ге жетти

3-8-сентябрь аралыгында Ысык-Көлдө өтө турган II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышарын ырастаган мамлекеттердин саны 18ге жетти. Алардын катарында Азербайжан мамлекети делегация жибере турганын билдиргенин бүгүн, 21-июлда катчылыктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда 36 мамлекет менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алардын 18и оюндарга катыша турганын ырастаган. Талап боюнча мамлекеттер катышуу тилегин билдирген арызын уюштуруучуларга 7-августка чейин жибериши керек.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган 18 мамлекеттин тизмеси жана алар катыша турган спорт түрлөрү:

1. Азербайжан (курамы бекитиле элек);
2. Аргентина (алыш күрөшү);
3. Армения (алыш күрөшү);
4. Бразилия (алыш күрөшү);
5. Венгрия (жаа атуу);
6. Гватемала (алыш күрөшү);
7. Израиль (күрөш);
8. Индонезия (күрөш);
9. Казакстан (9 спорт түрү);
10. Колумбия (алыш күрөшү);
11. Монголия (күрөш);
12. Пакистан (күрөш);
13. Перу (алыш күрөшү);
14. Орусия Федерациясы. Башкортостан (күрөш);
Свердлов облусу (күрөш);
Карачай-Черкес Республикасы (күрөш);
15. Словакия (жаа атуу);
16. АКШ (күрөш, ордо);
17. Түркмөнстан (күрөш);
18. Эквадор (бекитиле элек).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tim11ai
2016-07-21 17:41:34
Тогуз коргоолчулар жок бекен а?
0
Futuro3
2016-07-21 18:04:49
АКШ ордо ойногону кызык экен.
0
Kainar20
2016-07-21 20:33:12
Мага кок бору кызык болуп атат албетте кыргызстан казакстанды утат кок борудон бирок кандай есепте утат ошок кызык
0
blood
2016-07-21 20:38:28
Эми коробузда
0
Nemo_0587
2016-07-21 22:06:41
Кошуна болуп туруп озбекистан катышпаганы кандай.
0
limuna
2016-07-21 23:13:05
Туркия жокко ээ
0
tima01
2016-07-22 10:32:06
Эменеси болсо да биздин спортчуларга ийгилик!
+1
tyrgon
2016-07-22 12:02:32
Озбекстандын Кыргызстанга бир тыйындайда кереги жок
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан