1998-жылы "Жаныш-Байыш" тобунун "Анын Мерседеси бар" аттуу ыры өлкөдө популярдуу болуп, топту атактуулукка жеткирген. Ырдын клиби Бишкек шаарында тартылып, учурунда мыкты клиптердин катарына кирген. Клип өзүнүн жолу менен ийгиликтүү тартылып кеткенин ошол кездеги топтун мүчөсү Байыш Момунов айтып берди.
"Клипти тартканга Бакир деген байке демөөрчү болуп, ошол байке Мерседесин да берип, башкы каармандын ролун жараткан Айжанды да таап берген. Мерседес айдаган кыздын ролуна кастинг жарыялаган эмеспиз. "Менде иштеген Айжан деген татынакай кыз бар" деп калды. Барып көрсөк, чынында эле татынакай, клипке тартылчу кыз экен. Ал кезде соода күркөсү-павильондор көп эмес беле, Айжан ошондой павильондордун биринде сатуучу болчу. Учурда балдары бар, катташып турабыз", - дейт ырчы башкы каарман тууралуу.
Клип тартылган жылдары унаа айдаган кыздар жокко эсе болгонун кошумчалайт:
"Ал кезде унаа айдаган кыздар да, Мерседестер да аз болчу. Айжан унаа айдаганды билчү эмес. Клип тартылып жатканда Бакир байке жатып алып, эптеп узун таяк менен газды басып, Айжанга рулду эле карматып тартканбыз. Анда унаалар деле шаарда аз болчу".
Клипке ага-ини менен бир тууган эжеси Диля Момунова да тартылган. Ырчынын айтымында, эжеси башкы каарманга окшош болгондуктан, элдин көбү экөөнү бир адам деп ойлошот. Ырды алгач түркиялык ырчылар ырдап чыгышкан, андан соң өзбекстандык "Мафтун" тобу "Онин машинасы бар" деп которуп ырдаган. Байыш Момунов бул өзбекстандык топтун балдары менен алар Ошко келгенде таанышып калышканын айтты.
"Ошко концертке катышууга өзбекстандык "Мафтун" тобу келип калган. Топтун балдары биз курактуу экен. Алар Ташкентте ийгиликтүү топ болчу. Ошондо ырым болсун деп костюмдарыбыз менен алмашканбыз. Клипке дал ошол костюмдар менен тартылганбыз. Ал кезде ал костюмдар модада эле. Эсимде, клипти тартып бүткөндөн кийин Жаныш экөөбүз аппак костюмдар менен троллейбуска түшсөк, элдин баары таң калып карашкан, биз болсо жашпыз да..." - деп күлүп айтып жатты Байыш Момунов.
"Ошол ыр "Жаныш-Байышка" көп ийгиликтерди алып келди. Ыр элге жага баштаганда, артынан эле клип тартыш керек деп, каражатка карабастан тарттырдык. Кызыгы, клип тартылып бүткөндө клипмейкер Капар байке атайын эффект берчү лупасын жоготуп алып бизди урушкан. Анда мен "клип ийгиликтүү болот, мындайдын көбүн сатып берем" деп койгом. Анан эле клип да, ыр да ийгиликтүү болуп, ал сөзүм унутта калды. Азыр жолуккан сайын күлүп эстеп калабыз. Клипти көрүп калсак, күлкүбүз келет, бирок ошол кезде мыкты клиптердин бири эле..." - дейт ырчы.
Клипти көрүү үчүн шилтеме.