Тай бокс боюнча бир нече жолку Дүйнө чемпиону Валентина Шевченко 23-июлда эрежесиз эр уруш боюнча кезектеги беттешин өткөрөт. "UFC on Fox 20" мелдешинде анын атаандашы америкалык Холли Холм болмокчу.
Спортчу мелдештин расмий сайтына берген маегинде анын машыктыруучусу Павел Федотовго ок атылганда кандай ойдо болгонун, беттешке кандай даярданганын айтып берди.
Кошумчалай кетсек, Перудагы кафелердин бирине 3 куралданган адам кирип келип, кассадан 1486 доллар жана бир катар баалуу буюмдарды алып кетишкен. Бул жайда Валентина Шевченко жана анын машыктыруучусу Павел Федотов да болгон. Федотов каршылык көрсөткөндө ага ок атылып, ал жаракат алган.
"Павелге ок тийип, ал жерге жатып калганда ага жардам берүү керектигин ойлондум. Башымда "Эмнеге мунун баары азыр болуп жатат?" деген ой турду. Азыр баары жакшы, окуя мындан жаман аяктап калышы мүмкүн эле. Окуядан кийин мен үйдөн чыккым келбей жүрдү. Тегерегимди каранып, мага бирөө кол салчудай сезилип жатты", - дейт спортчу.
Валентина беттешке даярдыгы тууралуу буларга токтолду: "Павелдин абалы учурда жакшы. Холмго каршы беттеште мени колдоп, октагондун бурчунда болот деп үмүт кылам. Бул мен үчүн өтө маанилүү. Мен беттешке даярмын жана жеңиш үчүн эмне кылуу керектигин жакшы билем. Албетте, шылуундарга байланыштуу окуя биздин машыгуубузга терс таасирин тийгизди. Ошентсе да биз беттешке физикалык жана психологиялык жактан даяр болдук. Беттеште өзүмдү мыкты көрсөтөрүмө ишенем".