Холли Холм: "Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин бири, мени чоң сыноо күтүп турат"

Эрежесиз мушташ боюнча 61 килограмм салмакта UFC уюмунун экс-чемпиону Холли Холм 23-июлда Валентина Шевченкого каршы беттеш тууралуу ой бөлүштү. 34 жаштагы спортчу журналисттер менен болгон маегинде Валентина Шевченкону теңге албай коюу жаңылыштык экенин баса белгиледи.

"Мен Миша Тейтке утулуп калган соң күчтүү болуп 8 бурчтукка кайтып келдим. Жеңилүү мага тынымсыз аракеттенүү керектигин үйрөттү. "Кээде утуласың, кээде утасың" деген кепке кошулбоо керек. Мен ар бир беттеште жеңүүчү аталгым келет. Валентина бул салмактагы эң күчтүү спортчулардын бири. Мен жоопкерчиликти сезип, жеңиш үчүн болгон аракетти жумшашым керек. Мени чоң сыноо күтүп турат. Биз акыркы беттеште Валентина Шевченко бразилиялык Аманда Нунез менен беттеште өзүн кандай көрсөткөнүн көрдүк. Беттеш дагы бир канча убакытка созулганда Валентина утуп чыкмак. Жыйынтыгында Нуньес чемпиондукту камсыздады", - дейт спортчу.

Кыргыз жеринде туулуп, чет өлкөдө карьерасын улантуу үчүн Перуга көчүп кеткен Валентина Шевченко менен америкалык Холли Холмдун ортосундагы беттеш 23-июлга пландалган. Беттеш АКШнын Чикаго шаарында орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Uson.karaev
2016-07-22 12:02:52
алга Валентина дебелеп таштачы америкалыкты
+1
Patriot..kg
2016-07-22 12:19:07
Валентина делай!
0
omu
2016-07-22 13:31:41
ошондо Кыргызстандын атынан чыгып журобу?
илгери башка мамлекеттин атынан чыгат эле го?
0
erjigit-e.15
2016-07-22 13:36:50
Жениш Валентинага
0
isakbekov07
2016-07-22 13:44:06
Перунун атынан чыгат ошол жактын желеги менен, болгону Кыргызстанда туулгандыгы гана айтылат
-1
kg_bala_
2016-07-23 14:54:29
isakbekov07, КЫРГЫЗДЫН желеги менен чыгат. дос
0
Bolotmyrzaa
2016-07-24 01:34:53
isakbekov07,Перунун атынан сестренкасы чыкса керек.
0
Taalai94
2016-07-22 13:44:16
Валентина ийгилик.
0
Futuro3
2016-07-22 13:55:05
Эй Холм. Элестетсең Шевченко сени кыр сөөгү менен санга тээп атканын.
+1
Mirkgz-1990
2016-07-22 14:04:59
Валентина Кыргызстандын желегин желбиретчи
0
madridka
2016-07-22 18:48:56
Алга валентина алга жана алга!
0
ofcourse
2016-07-22 20:14:54
Валентина алгаа
0
take19
2016-07-22 23:37:10
Валентина алга, ийгилик сага.
0
Bolotmyrzaa
2016-07-24 01:35:47
Валентина сага жениш жана ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан