Талас районундагы жол кырсыгынан 10 жүргүнчү аял жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы 21-июль күнү саат 21:14 чамасында Талас-Суусамыр унаа жолунун 2-чакырымында катталган. Анда Мерседес Гигант үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Унаанын ичинде 10 жүргүнчү аял болгон. Алар жеңил жараат алышкан.