15-июлда Кочкор районунун Сары-Булак айылындагы Кара-Кужур суусуна 1999-жылы туулган Жыргалбек кызы агып кеткен. Андан бери издөө иштери жүрүп, 21-июль күнү саат 14:00 чамасында кыздын жансыз денеси табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. "ӨКМнын №42-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жансыз денесин таап, туугандарына өткөрүп беришти", - деп билдиришти аталган мекемеден.