Токмокто 25 жаштагы жигит “музоо уурдаган” деп шектелип кармалды

Токмокто 25 жаштагы жигит “музоо уурдаган” деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-февраль күнү Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө 26 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, белгисиз адам бир айлык музоосун уурдап кеткенин айткан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иш-чаралары жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 25 жаштагы З.Б. кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
zhykyo
2016-07-22 15:53:57
Кайран десе эми кирип кетет тордун артына мооо деген боюнча
+1
nargis
2016-07-22 16:19:31
Бир айлык музоо демек сут эмди,жашоосун женилдетем деп оорлоштуруп жатышатко.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан