Сузак районунун акимине козголгон кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Сузак районунун учурдагы акими М.А., Сузак райондук сот аткаруучулар кызматынын өкүлү Д.К. жана Сузак райондук кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча башкармалыгынын каттоочусу М.Т. “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелүүдө.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн тергөөдө сот аткаруучу Д.К., Сузак райондук Кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы, учурдагы аким М.А. жана ошол эле башкармалыктын каттоочусу М.Т. өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровдун 6,7 миллион сомго бааланган кыймылсыз мүлкүн жашырып, Санжар Бакиевге мыйзамсыз өткөрүп беришкени аныкталган.