Сузак районунда "үй буюмдарын жана велосипеддерди уурдап жүргөн" деп шектелип Кочкор-Ата шаарынын жашоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Үй буюмдарын жана велосипед жоготкон жашоочулардан милицияга бир нече арыз түшкөн. Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин алкагында кылмыш ишине шектелип Кочкор-Ата шаарынын К.А. аттуу 23 жаштагы тургуну кармалган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
"Кармалган адам буга чейин бир нече уурулук иштерди жасаган деп шектелүүдө. Ал акыркы кылмышында бир учурда 4 велосипед жана кымбат баалуу буюмдарды уурдап кармалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.