Бүгүн, 23-июлда президент Алмазбек Атамбаев көчө футболу боюнча улуттук кураманы кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.
500дөн ашык оюнчу катышып, кыз-келиндер жана уландар арасында жеңүүчүлөр аныкталган мелдеште кыргыз кыздары 2-орунду камсыздашкан. Катышуучулар 52 мамлекеттен чогулган. Мелдешке кыргыз кыздары машыктыруучу Гүлбара Уматалиеванын жетеги астында катышышып, финалда Мексикадан келген кыздарга утулуп калышкан (5:0). Коло медалды Шотландияны уткан Чили курамасы камсыздады.
Кошумчалай кетсек, команда көчө футболу боюнча Шотландияда өткөн мелдеште 2-орунду камсыздаган. Дүйнө чемпиондугу 14 жылдан бери уюштурулуп келет. Мелдешти өткөрүү идеясы шотландиялык жеке ишкер Мел Янг жана австралиялык гезиттин редактору Харальд Шмидтке таандык. Чемпиондуктун максаты - коомдогу үйсүз жарандарга тиешелүү көңүл бурдуруу, алардын жашоо шартын оңдоого көмөктөшүү жана алардын арасындагы таланттарды иргеп, келечек түзүп берүү.