Бишкекте "бирөөнүн баалуу буюмдарын жана акчасын тартып алган" деп шектелген жаран кармалды

22-июлда Бишкек шаарынын А.Бекжан аттуу тургуну арыз менен кайрылып, анын акчасын жана баалуу буюмдарын алып кеткенин билдирген. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, арыз ээси 4-июлда саат 18:30 чамасында Фучик көчөсүндө жайгашкан Фучик эс алуу багынын аймагынан азиат улутундагы, болжол менен 24-26 курактагы белгисиз 2 бала арыз ээсине карата бычак такап коркутушуп, 13 500 сом турган Samsung G5 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, баасы 2000 сом турган күмүш шакегин, баасы 3500 сом турган күмүш чынжырын, накталай 1700 сом акчасын тартып алып кетишкенин билдирген. Көрүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Бишкек ШИИББинин патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан Ош облусунун жараны, Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда убактылуу жашап жаткан 1991-жылы туулган Р.У. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
mambo-1984
2016-07-23 14:05:31
Ушундайлар аябай эле кобойуп кети
+1
ali74
2016-07-23 14:14:41
ШИИБ кызматкерлери азамат
0
guljigitt
2016-07-23 14:37:05
Уурдады олтурду орттоду дегендер эле азыр
+1
guljigitt
2016-07-23 14:37:49
Жакшы жанылык жок вообще Бишкеке баргын деле келбейт Россияда кооптуу болуп калды кайра
+1
leilek_suluktu
2016-07-23 16:57:57
Байлык жакшылыкка ынавайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан