Ноокен районунда сууга чөгүп кеткен жаран табыла элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүн, 25-июлда тараткан билдирүүсүнө караганда, окуя 24-июль күнү саат 07:30 чамасында Достук айылы менен Өзбекстан чектеш жерде болгон. Анда 1951-жылы туулган Эркин Кадыров Нарын дарыясына чөгүп кеткен. Издөө иштерине 12 куткаруучу тартылган, бирок табылган эмес. Издөө иштери бүгүн да уланат.