Кадамжай районунда мыйзамсыз арча кыйган Өзбекстан мамлекетинин жараны кармалды

Кадамжай районунда мыйзамсыз арча кыйган Өзбекстан мамлекетинин жараны кармалды. Бул тууралуу Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча мамэкотехинспекциянын адистери билдиришти.

Маалыматка ылайык, Айдаркен, Кызыл-Кыя шаарлары жана Кадамжай району боюнча мамэкотехинспекция тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Таш-Булак жайлоосунан кошуна Өзбекстандын бир жараны кармалды.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө Таш-Булак жайлоосунда арчаларды мыйзамсыз кыйып, кыйылган арчадан үй салып жашап жана Өзбекстандын малын багып жүргөндүгү аныкталып, тийиштүү иш кагаздары толтурулуп, мыйзамдуу чечим кабыл алуу максатында Кадамжай РИИБине жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми бүгүнкү күндө мамлекетке канча зыян келтирилгендиги тастыкталып жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nusu9898
2016-07-25 12:03:59
Эгер мен Озбекистанда ушинтсем кайра кайтпай калмакмын... Аны камаш керек
+3
Rifle_S
2016-07-25 12:59:55
ХХХ ХХХ ХХХ Биздин райондо бир кишини ошентип беришти.
+1
admin_portal
2016-07-25 13:03:08
Rifle_S, провокацияга жол жок! 15 күн БАНга!
-1
KGstan1981
2016-07-25 14:22:10
биздикилерге озбек акчасында 1000000 сум берсе коюп жиберишет))))
+2
Abdyrashit.Satylganov
2016-07-25 19:13:20
Эмне эле болуп жатышат Кошуналар... Катуураак чара көргүлөчү... Тоготпогондой кылбай
0
Frunze74
2016-07-25 19:24:28
Жыгачтын жумшагын курт жейт дейт, суубузду, жерибизди берип коюп, торубузго чыгарып алып козун карап отурсак коншулар менен тен ата суйлошо албай, башыбызга чыгып алат да анан... Биздин кыргыздар Озбекистан же Кытайга барып, Кыргызстанда озбек же кытайлар жургондой журуп корсун эле, эркелигин кубуп, кай жерде жургонун дароо эле билдирип койот. Биз эле кыргыздар, жыгачын кыябы, алтынын ташыйбы, унчукпай отура беребиз "Кыргызстан - наш общий дом, общяк" деп коюп...
+1
nuri2605
2016-07-26 19:34:32
Биздикилер чекарага жакын озубуздун жерде журсо атышкан кундору болгон, эми ал мыйзамсыз арча кыйса, аз келгенсип там салып, малын баксада кое бербей кучтуу чара коруш керек. Энесинин торундо жургондой талтандатпай. Жогорудагылар бужуроп эле моюн сунуп отура бербей кичине намыстуурак, эрктуурок болсо экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан