Ирактын Эль-Халис шаарына жакын жердеги жардыруудан 14 адам каза таап, 30дан ашык адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматтарга караганда, жардыруу бүгүн эртең менен болуп, жардыруучу зат унаанын ичине коюлган. Жарылуу унаалар көп топтолгон шаарга кире бериш жерде болгондуктан, жабыркагандардын жана каза тапкандардын саны артышы мүмкүн. Азырынча бул окуя боюнча эч ким жоопкерчилик ала элек.
Айта кетсек, июль айынын башынан бери Иракта жардыруулардын кесепетинен 292 адам каза тапкан. Буга окшогон окуяларды “Ислам мамлекети” аталган топ өз жоопкерчилигине алып келет.