"Таалай элеси" тобунун "Ак терек" аттуу ырынын клиби "Медиа-портал" бөлүмүнө жүктөлдү. Топтун солисти Тотомидин Жолдошев ыр менен клип тууралуу буларга токтолду:
"Ырды жаздырганыбызга көп эле болуп калды. Үйлөнүү тойлорунда "Жар-жар" ыры ырдалып жүрөт, андыктан бул ырды анын ордуна ырдап чыгууну туура көрдүк. Ыр эки жаштын тоюна ылайыкталып жазылган. Сөзүн акын Акбар Кубанычбеков жазган, ал эми обонун элдикинен алгам. Анда мен баланы мактап ырдасам, Сурма карындашым кызды мактап ырдайт. Буюрса, элге жакты".
Ар бир клип тартылып жатканда кызыктуу окуялар менен коштолот эмеспи. Ырчы "Ак терек" клибин тартуу учурунда болгон кызыктуу окуяны айтып берди.
"Клипти этнокомплекстердин биринде 19-июлда Азамат Арыков тартып, эки күн монтаждады. Төлөк деген байке клипте куданын ролун жаратмак. Ага сакал чаптап койгонбуз. Бир маалда шамал болуп, сакалын учуруп, ары жакта отурган чет элдик коноктордун шишкебегине түшүп калыптыр. Алар ызы-чуу түшүп, администраторго чейин арызданышыптыр. Акыры администратор бизге өзүнчө боз үй берди, чет элдик коноктор шишкебегин жебей коюшуптур", - дейт ырчы.
Таалай элеси" тобунун "Ак терек" ырынын клибин бул жерден көрүңүз.