28-31-июль аралыгында өлкө аймагында күтүлүп жаткан катуу жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдайт.
"Бийик тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаайт, сел жүрүшү мүмкүн. Айрым аймактарда катуу жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат", - деп айтылат маалыматта.