Борбор калаада "зордуктоого аракеттенген" деген шек менен 58 жаштагы жаран кармалды

Борбор калаада "зордуктоого аракеттенген" деген шек менен 58 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Э. аттуу Токмок шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал июль айынын башында саат 14:00 чамасында Линейная-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен Н.аттуу жаран аны зордуктоого аракет кылганын билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын 58 жаштагы С.Н. аттуу тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан