Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 24-25-июль күндөрү Чалма айыл аймагына караштуу Буйга айылынын Беш-Кемпир тилкесинин Булуң чегинде узундугу 100 метр, туурасы 25 метр, аянты 2500 чарчы метр жер көчкү чыгыш тарапты карай жарылып чөккөн. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
КРнын Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси жана райондогу Жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкү коркунучу болгон жерге барышып, тактоо иштерин жүргүзүштү. Жер көчкү коркунучу бар аймак менен Ж.Абидинов атындагы орто мектебинин имаратынын аралыгы болжол менен 200-250 метр экени аныкталган.
“Жер көчкү басуу коркунучу бар турак жайлар жана социалдык имараттар Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин корутундусу чыкандан кийин берилет”, - деп айтылат маалыматта.