Бишкектеги үйлөрдүн бирин тоноого кирип, үй ээсин жана 2 уулун бычактап кеткендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
"Кылмышка шектүү катары 2 адам кармалды. Учурда аларга карата кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. Толугураак маалымат кийинчерээк берилет", - деп билдиришти Бишкек ШИИББинен.
Эске салсак, окуя 6-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында борбордогу Тынчтык жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде орун алган. Анда К.Ү. аттуу үй ээси намаз окууга даярданып жаткан учурда үйүнүн 1-кабатынан бирөөлөрдүн үндөрүн уккан. Бөлмөсүнөн чыккан үй ээси 2-кабатка чыгуучу тепкичтен беттерине медициналык бет кап кийген, 20-25 жаштар чамасындагы белгисиз 4 жаранды көргөн. Үйдү тоноого киргендер үй ээси менен мушташып, аны бычактап, өз бөлмөлөрүнөн жардамга чуркап чыккан 26 жана 21 жаштагы уулдарын да бычактап, изин жашырып кетишкен.