МЕДИА-ПОРТАЛ: "Style Mix" тобунун "Акыркы кат" клибинде топтун ырчысы Адилет көлдө бир сааттан ашык калкып, катуу ооруган

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Style Mix" тобунун "Акыркы кат" клиби "Медиа-портал" бөлүмүнүн колдонуучуларынын купулуна толгон клиптердин бири болуп саналат. Колдонуучулардын көбү ырчылар ырды жогорку деңгээлде аткарышканын, клип сапаттуу тартылганын баса белгилешкен.

"Клип тартууда кызыктуу окуялар көп эле болду. Мисалы, Илима (ред. Дүйшеналиева) ырдаган бөлүгү Токмок шаарына жакын жерде тартылган. Тартуу иштери боло турган жерден өтүп кетип, кайра кайрылып келип тапканбыз, түтөтөбүз деп чөп өрттөгөнбүз. Дагы бири: Талас (ред. Амантуров) менен кыздын урушканы тартылып бүткөндө видео өчүп кетип, бир күндүк жумуш жок болгон", - дейт топтун ырчысы Адилет Эркинбек уулу.

Клипте Адилет көлдө калкып ырдаган жери күзүндө, күн муздап калган кезде тартылган.

"Мен өзүм көлдүк болгонум үчүн калкып ырдоо жеңил эле болду. Бирок суу муздап калган кезде костюмчан түшүп, бир сааттан ашык калкып жүргөм. Эртеси аябай ооруп калгам. Анын үстүнө кулактарым суунун астында болуп, жаңырып жаткан ырды уга алган эмесмин. Клипте да ооздорум ырга туура келиши керек эмеспи, ал үчүн балдар ритм берип жатып, аларды карап ырдагам", - дейт клипте жаралган кыйынчылыктар тууралуу ырчы.

"Style Mix" тобунун "Акыркы кат" клибин көрүү үчүн бул жерди басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан