Өзгөчө кырдаалдардын көпчүлүгү Жалал-Абад, Чүй, Ош жана Баткен облустарына туура келет

Өлкө аймагында үстүбүздөгү жылдын 6 айында 124 табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар катталып, 21 адам каза тапкан. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2015-жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдар 31 пайызга, каза тапкандардын саны 25 пайызга азайган.

Өзгөчө кырдаалдардын көпчүлүгү Жалал-Абад (37), Чүй (23), Ош (19) жана Баткен (16) облустарына туура келет. Максималдуу зыянды май-июнь айларында Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынын аймагында болуп өткөн сел кырсыктары алып келген. Селдин кесепетинен ички чарбалык жолдор, көпүрөлөр, турак жайлар жана короо-сарайлар жараксыз абалга келген”, - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан