Кыргыз жеринде волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру өткөрүлөт

12-20-сентябрь аралыгында Чолпон-Ата шаарында (Ысык-Көл) волейбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо туру орун алат. Бул тууралуу КРнын Волейбол федерациясынын башкы катчысы Кылыч Сарбагышев билдирди.

Маалыматка ылайык, "Борбордук Азия" зонасы боюнча өткөрүлө турган мелдешке 5 команда катышат: Кыргыз Республикасы, Түркмөнстан, Ооганстан, Бангладеш жана Мальдив аралдары. Жыйынтыгында тандоо турунун кийинки баскычына 1-орунду ээлеген 1 гана команда чыгат.

Кошумчалай кетсек, Дүйнө чемпиондугу алгачкы жолу 2 мамлекетте уюштурулат. 2018-жылы Италия жана Болгария мамлекеттеринде өтө турган мелдештин финалдык баскычына 24 команда катышмакчы. Кыргыз волейболчулары Азиянын 63 командасынан алдынкы 4 орундун бирин ээлесе гана Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышат.

Учурда Дүйнө чемпиону наамы Польша курамасына таандык. Польшалыктар 2014-жылы финалда Бразилия курамасын утуп алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
realmadrid32
2016-07-27 12:36:29
Финал Кыргызстан - Бразилия
+3
almaz90
2016-07-27 13:06:05
Алгаа кыргызстан..!
0
USSRKG
2016-07-27 17:45:23
Каяктагы бишкектин ойной албагандарын жибере бербей Дархан ОШТУнун балдарын алсанар женет.Футболдо да бут дордойдун оюнчулары улуттук курамада ойнойт.анан КР улуттук курамабыз Алайдан женилип алып деле сыртка чыга берет.анан 7-0 4-0 го женилип эле журо берет.ойногон балдарды алыш керекда танышын ала бербей.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан